15 жыл бою агартуу министри болуп иштеген М.Базаркуловдун 80 жылдык мааракеси өзүнүн туулуп-өскөн жеринде салтанат менен белгиленди. Ага райондун жетекчилиги, мекеме жетекчилери, агартуу кызматкерлери жана окуучулар катышты.
Кесиптештери М.Базаркуловдун иш жолундагы жасаган иштерин кеңири белгилеп, белектерин ыйгарышты. Ал эми Эл мугалими өз кезегинде тажрыйбасы менен бөлүшүп, калеминен жаралган жаңы китебин айылдын жана орто мектептин китепканаларына тапшырды. Салтанат окуучулардын концерти менен коштолду.
Даярдаган: К.Кубанычбекова