Өспүрүмдөр арасында баңгиликти алдын алуу максатында волейбол оюну өткөрүлдү. Оюн Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде болуп, ага облустук жана райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкүлдөрү катышты.
Мелдеште кыздардан турган 4 команда оюн көргөзүштү.Жыйынтыгында алдыңкы орунду Ш.Бейшеналиев, 2-орунду Э.Карасартов атындагы орто мектебинин кыздары командасы камсыз кылышты.

Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан Грамоталар жана белектер ыйгарылды.
Даярдаган: А.Айылчиева