“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мөмөдөн жасалган 10 кг мончок жана бел кур

17 Октябрь 2015 жыл 22:46
Көрүүлөрдүн саны: 232

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 9-11-класстар аралык “Күмүш түстүү күз” сынагы өттү.

20151017_143238[1]20151017_153158[1]

Анда мурда берилген тапшырмалардын негизинде кыздарга ылайык мөмө жемиштерден мончок, билерик, сөйкө өңдүү жасалгаларды жасап келишкен. Алардын ичинен 9-классынын окуучусу М.Жусупбекованын мончок жана кече кийими үчүн бел куру жогору бааланды.

20151017_151917[1]20151017_152048[1]

Өзүнүн айтымында 3 күндө жаңы терген мөмөнү ийне менен жипке тизип чыккан. Салмагы 10 кгды түзөт.

Даярдаган:  Б.Мамытбекова