“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кылмышкер А.Итибаевди кармоо учурунда каза тапкан Батыш апаны акыркы сапарга узатуу митинги болду

25 Октябрь 2015 жыл 22:06
Көрүүлөрдүн саны: 152

Бүгүн Ак-Талаа районундагы Терек айылынын тургуну 79 жаштагы Батыш  апаны акыркы сапарга узатуу митинги болду.Узатуу зыйнатына  ага-туугандары, жердештери ,ички иштер бөлүмүнүн   жана жергиликтүү бийлик  өкүлдөрү катышты.

20151025_102922[1]20151025_103355[1]

20151025_103741[1]20151025_104213[1]Соодонбекова Батыш апа өмүрлүк жолдошу Инапас  карыя менен жарым кылымдан ашуун бирге  жашоо кечирип, экөө 10 баланы тарбиялап, өстүрүшкөн. Учурда 40 ка жакын небере-чөбөрөнүн чоң эне, таенеси болчу.

Эскерте кетсек, Батыш апа 22-октябрда Бишкек шаарында түрмөдөн качкан кылмышкерлердин бири А.Итибаевди кармоо учурунда каза болгон. Маалыматтарга караганда улуу күйөө баласына да ок жаңылып, өмүрү менен кош айтышкан.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова