“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Окуучулар кесипке багыт берүү боюнча окуудан өтүштү.

29 Октябрь 2015 жыл 16:17
Көрүүлөрдүн саны: 147

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин  9-11-классынын окуучулары кесипке багыт берүү боюнча атайын окуудан өтүштү. Кесип тандоодо көпчүлүк учурда кандай артыкчылыгына  көңүл буруу керектигин, пайдалуу жагын ар түрдүү оюндар менен түшүндүрүп, ал боюнча балдардын пикирине да орун беришти.

IMG-20151027-WA0018[1] IMG-20151027-WA0015[1]

 

IMG-20151027-WA0016[1]IMG-20151027-WA0014[1]

Жаштар министрлигинин алдындагы кесиптик-техникалык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Б.Орозакунованын айтымында   “Немец толкуну” тарабынан каржыланган  окууга  Нарын областындагы Жамааттык мультимедиалар жайгашкан 5 жалпы билим берүүчү орто мектептерден 500 гө жакын окуучу  катышып, кесипти туура тандоого багыт алышты. Окуунун негизги максаты да ушул.Анткени эмгек рыногу кайсы кесипке муктаж болсо, ошого жараша кесип тандоо учурдун талабы.

Даярдаган:   А.Касмалиева