“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Айрым мектептерде окуучулардын тамактануусунун санитардык гигиеналык абалы начар

7 Ноябрь 2015 жыл 18:17
Көрүүлөрдүн саны: 154

Ак-Талаа районундагы орто мектептердеги окуучулардын тамактануусунун  санитардык гигиеналык  абалын кезектеги текшерүүдө айрым  ашканалары талапка жооп берген жок.  Ак-Талаа райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун  санитардык дарыгеринин жардамчысы  Д.Осмонкулова: “Текшерүү учурунда ашканаларда  көп кездешкен кактай кемчиликтер-  колдонуучу бычак, тактай өңдүү буюмдар маркировкаланбайт, күнүмдүк жууп-тазалоо иштери жүргүзүлбөйт, азык-түлүктөрдүн сертификаты жок. Балдарга чайга кошуп берилүүчү сүттүн  ветериардык текшерүүдөн өткөрүлүп, аныктама алынган эмес. Айрым мектептерде ,  мисалы Б.Календеров мектебинде мурунку күнү берилген тамак-аштын калдыктары төгүлгөн эмес. Албетте бардыгы жаман эмес, санитардык талапка жооп берген мектептер да болду. Жыйынтыгы райондук билим берүү бөлүмүнүн кеңешмесинде каралды” дейт. Аталган борбордун дарыгерлери  тарабынан мындай текшерүү дайыма өткөрүлүп турат. Ашканада иштеген ашпозчулардан да анализдер алынып, текшерилет.

 

Даярдаган:  Б.Мамытбекова

Эскертүү: Материал басылманын жана автордун менчиги болуп саналат. Уруксатсыз көчүрүп жарыялоого тыюу салынат!