“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Окуучулардын билим сапатын көтөрүү максатында мугалимдерге өткөрүлдү

7 Ноябрь 2015 жыл 17:00
Көрүүлөрдүн саны: 435

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде окуучулардын билим сапатын көтөрүү максатында  мугалимдер  үчүн окуу өткөрүлдү.  Окууда сабактын жаңы  үлгүлөрү, окутуунун заманбап ыкмалары жөнүндө кеңири түшүнүк берилип, ага мугалимдер жигердүү катышты.

20151103_15543620151103_153235

Мугалимдердин кесибин жогорулатуу борборунун мугалими Ж.Бузурманкулованын айтымында балдарга азыркы учурдун талабына ылайык заманбап билим бериш үчүн окуу ыкмаларын мугалим өзү жакшы билүүсү керек. Мурдагыдай мен айттым, эми түшүнгөнүңдү айт деп талап кылуунун кажети жок. Азыркы окуучу мугалимден да көптү билиши мүмкүн. Демек мындай окуучуларды окутуш үчүн мугалимдин билими күчтүү болушу шарт.

Даярдаган:  Н.Муратбекова

 

Эскертүү: Материал басылманын жана автордун менчиги болуп саналат. Уруксатсыз көчүрүп жарыялоого тыюу салынат!