Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы №147 Жарлыгынын «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жана «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программаны иш жүзүнө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору IDLOнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын биринчи инстанциядагы жергиликтүү сотторунун судьяларынын жардамчыларына Комплекстик окуу программасы боюнча окутууну баштады.Окууга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын 51 жардамчысы тɵмɵнкү графикте катышат: 2015-жылдын 16-20-ноябрында I топ, 23-27-ноябрда II топ. Окутуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борборунда өтɵт.Окуу программасынын узактыгы күнүнө 8 академиялык сааттан 5 окуу күнүн түзөт. Окуунун жыйынтыктары боюнча судьялардын жардамчыларына Тастыктамалар берилет.
Маалымат Жогорку Соттун расмий сайтынан алынды.