Баетов айылынын Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Алина Керимжанова өзүнүн ийилчээктиги менен көптөгөн адамдарды таң калтырды .
Ал эл алдында ар түрдүү көнүгүүлөрдү аткарып берди. Алина бул өнөрдү байкесинен үйрөнгөнүн айтат :
«Ооба, мен сен айткандай эле ийилчээк кызмын .Мени байкем кичинекей кезимен эле ийилчээктикке үйрөткөн . Кичинекей чагымда бий ийримине катышчумун,бирок катышпай калганыма көп болду. Мен ушундай ийгиликке жетишкенден кийин , өзүм дагы жаш таланттарга чыккым келип ,конкурстарга катышкым келип калды жана ошондой эле келечекте дагы өз өнөрүмдү улап кетким келет «.
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин дене-тарбия мугалими Таалай Жыргалбеков ийилчээктиктин ден-соолукка кандай пайдасы бар экендигин айтып берди:
«Ийилчээктик-бул гимнастика көнүгүүлөрүнүн бир түрү ,өзүн жеңил алып жүрүү жана шамдагайлык. Эртең менен спорт менен машыгып , дене сымбатыңарды сактагыла деп айтат элем»
Айдай Кадырбекова Алинанын ар тараптуу окуучу экендигин баса белгиледи :
«Алина менин классташым гана эмес менин жакын курбум . Алина абдан тырышчаак жана ийилчээк кыз . Ал окуусун , өнөрүн бирдей алып кетет. Биз Алина менен сыймыктанабыз жана мактанабыз.
Даярдаган: Элиза Жыргалбекова
Сынак үчүн