Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде кыздар арасында „ Алтын чач” конкурсу болуп өттү. Бул конкурска чачы узун кыздар катыша алышты. Кыздар өзүнүн таланттарын, ар кандай өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Калыстар тобунан ар түрдүү тапшырмалар берилди. Калыстар курамында мектептин директору жана мугалимдери болду. Конкурста биринчи орунга 11- б классынын окуучусу Замирбек кызы Нурзат ээ болуп, мектептин эн узун чачтуу кызы болуп аныкталды, экинчи орунга 10- б классынын окуучусу Мамбетказиева Жанылмырза татыктуу деп табылды, ал эми үчүнчү орунга 8-в классынын окуучусу Өмүралиева Бегай ээ болду.
Конкурстун уюштуруучусу Светлана Аманбаева мындай деди…
Бул конкурстун максаты кыздын сулуулугун чачы толуктап турат деген ууранды кыздар арасында жайылтканды максат кордук, чачтын узундугу бул кыздардын сулуулугун, көрктүгүн сымбатын толуктап турат.Талаптары эң биринчи саламдашуу, өнөрүн көргөзүү, чачын кыска мөөнөттө кандай жасалгалай алат деген талаптарды койдук.
“Алтын чач” конкурсунун жеңичүүсү Нурзат Замирбек кызы мындай деди:
«Бул конкурска чачым узун болгондуктан катыштым, атандаштарым кыйын эле болду. Чачыма жөнөкөй эле кам көрөм, чачымды кичине кезимден эле өстүрөм. Кыздарга чачынарды кыркпастан өстүргөнгө аракет кылгыла демекмин анткени азыр узун чач мода».
Конкурстун көрүүчүсү Гулмира Кыпчакбаева мындай деди :
«Алтын чач конкурсу аябай жакты, жакшы болуптур муну уюштурган эжекелерге рахмат. Дагы кыздар арасында кыргыздын унутулуп келе жаткан нерселерин алып чыксанар деген үмүттөмүн».
Дардаган: Айдай Рахатбекова.
Сынак үчүн