“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

СПИДке каршы күрөшү күнүнө карата конкурс болуп өттү

29 Ноябрь 2015 жыл 10:41
Көрүүлөрдүн саны: 338

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде СПИДке каршы  күрөшүү күнүнө карата конкурс болуп өттү .

20151127_151930

Конкурста көрүнүш аткаруу,  ыр, бий, дубал газеталарды даярдоо тапшырмалары болду. Уюштуруучу Гүлбарчын Мамытбекова конкурстун максаты тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты:

“Бул конкурска  окуучулардын даярдыгы дэңгээли бирдей эмес  албетте бир класс даярданып келсе , бир класс эптеп эле кутулгулары келишет “ .

20151127_152756

Калыстар тобунун жетекчиси Бурул Жангазиева конкурстун  жыйынтгы тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду:  “Азыр окуучулар СПИД оруусу боюнча көп эле маалымат бар экен. Жакшы даярданышыптыр. Эркек балдар дагы катышса болмок. Кеңири чөйрөдө өткөрүш керек экен деген ойдомун”.

20151127_153020

Конкурстун катышуучусу Билимкан кызуу даярданууда. Ал конкурсту жогорку деңгээлде өтөт деп ойлойт:    « Даярдык мыкты деңгээлде деп ойлойм. Эң мыкты класстар биринчи орунду ээлегенге машыгып жатышат” .

20151127_152457

ВИЧ оорусуна дүйнө жүзүндө 50 млн.жакын адам, ал эми Кыргызстан 6 миңге жакын адам чалдыккан.

      спид-оорусуна-каршы-конкурс-

Даярдаган : Эльнура Тажиева

Сынак үчүн