Ак-Талаа районунда 3-декабрь ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү белгиленип, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышты.
“Кандай учур болбосун сиздерди колдоого даярбыз жана эшигибиз ар дайым ачык” дейт район башчысы С.Мырзабеков. Ал эми жеке ишкер Т.Жусуев 5 балага 1000 сомдон акчалай, Улан Шерипбеков 9 адамга атайын белектерин тапшырышты.
Иш чарада маданият кызматкерлери 16 таланттуу балдар менен бирге сахнада өз өнорлөрүн тартуулашты.
Ак-Талаа райондук социалдык коргоо башкармалыгынын адистери берген маалыматка ылайык учурда райондун аймагында 553 мүмкүнчүлүгү чектелген адам болсо, анын ичинен 183ү 18 жашка чейинкилер болуп эсептелет.
Сынакка даярдаган: А.Айылчиева, Э. Нурланбекова, А.Рахатбекова