“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жогорку Сотто жаңы шайланган судьялардын ант берүү аземи болду

3 Декабрь 2015 жыл 23:42
Көрүүлөрдүн саны: 196

2015-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Чүй облусунун райондук сотторунун жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун жаңы шайланган судьяларынын ант берүү аземи болуп өттү.

Судьялардын ант берүү аземин салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымынын орун басары Качыке Эсенканов ачып, жаңы шайланган судьяларды өзүнүн жана Жогорку Соттун атынан куттуктады. К. Эсенканов: «Урматтуу жаңы шайланган кесиптештер. Сиздерди судья кызматына дайындалышыңыздар менен куттуктайм. Судья – юристтердин карьерасынын туу чокусу. Сиздерге чоң милдет жүктөлүп жатат. Элдин жана Президенттин ишенимин актап, таза, так жана мыйзам чегинда гана иш алып барыңыздар!».

Судьялардын жаңы курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьяларынын катышуусунда ант беришти.

Жаңы шайланган судьялар:

Кангельдиева Сулайка Салморбековна жана Самудинов Кубанычбек Бердибекович Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьялары болуп дайындалышты;

Керимкулова Айгул Карыпкуловна жана Тагаев Тилек Мамедович Чүй облусунун Панфилов райондук сотунун судьялары болуп дайындалышты;

Абдрахманов Канатбек Казакбаевич,  Астаркулов Данияр Шаршенбекович жана Монолбаев Жаныбек Васирович Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун судьялары болуп дайындалышты;

Кувандыкова Наргиза Тураровна Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы болуп дайындалды;

Абдиева Жыпар Курманбековна жана Аджибеков Нурлан Нурмамбетович Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьялары болуп дайындалышты;

Байсов Кылыч Таштанбекович, Касымалиев Бакыт Мукамбетович, Сагитова Зульфия Каиргельдиевна жана Сагыналиев Жаныбек Нурбекович Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьялары болуп дайындалышты;

Саткынбаев Рустам Шайлобекович Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы болуп дайындалды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 28-ноябрында «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Жаңы шайланган Чүй облусунун райондук сотторунун жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

Жогорку Соттун  расмий маалымат булагынан алынды