“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кылмыштуулукту алдын алууда исламдын ролу

3 Декабрь 2015 жыл 22:58
Көрүүлөрдүн саны: 143

Мындай аталыштагы жолугушуу  Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде өтүп, ага дин өкүлдөрү жана жогорку класстын окуучулары катышты.

20151119_122346

Мектептин жаштар уюму тарабынан уюштурулган бул  жолугушууда  кылмыштуулукту алдын алууда исламдын орду, бири-бирине жамандык  кылса же  ата-энесине туура эмес көз менен караганда жазылуучу күнөөлөр тууралуу кеңири айтылды.

20151119_120805

Ошондой эле учурда ислам динине жамынып жасалып жаткан  туура эмес  иштер  Сириянын мисалында айтылып,түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.  Жолугушууда дин өкүлдөрү   ата-энени, мугалимди сыйлоого, айлан-чөйрөдө болуп жаткан окуяларга акылы жетик, билимдүү  адам катары  кароого жана  сабырдуулукка чакырды.

Сынак үчүн даярдаган:   А.Рахатбекова