“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Өспүрүм кыздардын жыныстык жашоого эрте аралашуусу ден-соолукка зыян

3 Декабрь 2015 жыл 22:38
Көрүүлөрдүн саны: 151

Мындай багыттагы  жолугушуу бүгүн  атайын Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин жогорку классынын кыздары  үчүн өттү.  Жолугушуунун негизги максаты кыздар  арасында ар кандай жугуштуу ооруларды алдын-алуу, гигиенасын сактоого   жана өзүнө-өзү кам көрө билүүнү    үйрөтүү  болуп эсептелет.

20151203_125621[1]

 

Мектептин биология мугалими  М.Жумабаева жыныстык жашоонун эрте башталышы кандай кесепеттерге алып келет, анын кандай зыяндуу жактары бар, келечеги кандай болот деген өндүү суроолордун тегерегинде кыздар менен баарлашты.

20151203_125628[1]

Жолугушуунун жүрүшүндө кыздар жаш курагына жараша тегерек стол, талкуулар көп өтүп турса жакшы болот эле деген ойлорун айтышты.

Сынак үчүн даярдаган:   А.Айылчиева