Учурда Баетов айылынын жашоочусу Индира Оморова тоок ферма ачып, анын пайдасын көрүүдө.Бул тоок ферманын ачылганына 2-3 айдын жүзү болду.Фермада 200дөн ашык тоок багылууда. Бул тоокторду Чүй облусунан алып келген. Ферманынын ээси И.Оморованын айтымында мында тооктор эт багытындагы тооктор жана буларды жарым жылдан кийин союп сатышы керек.
Кененирээк малыматты биз тоок фермага барганыбызда ферманын ээси Индира Оморова буларды айтты: “Күнүнө болжол менен 180-190 жумуртка алып жатабыз.Жумуртканы 8 сомдон , ал эми көп алгандарга 7 сомдон сатып жатам.Андан тышкары айылдагы дукөндөр үйдөн келип алып кетишет.Бул ферманын пайдасын аябай эле коруп жатабыз дейт анткени фермадан тушкөн акча күнүмдүк чай чемесине жетип жатат” деп билдирди.

Эмгектенип үзүрун коруп жаткан Индира Оморова ишине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдаган: Айылчиева Адина, Касымалиева Айчолпон