“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жогорку Соттун Төрайымы А. Токбаева Чүй облусунун сотторунда болду

12 Декабрь 2015 жыл 10:49
Көрүүлөрдүн саны: 136

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Чүй облустук сотунда жана Чүй облусунун Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондук сотторунда болду.

Иш сапардын алкагында Жогорку Соттун Төрайымы А. Токбаева Чүй облустук сотунун Төрагасы Дастанбай Айжигитов жана Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов менен бирге, жергиликтүү соттордун материалдык-техникалык базасы, имараттардын абалы менен таанышты. Архивдеги документтердин сакталуу нормаларынын ахыбалы, сот аткаруучулардын сот актыларын өз мөөнөтүндө аткарышы, жарандардын укугунун сакталышы да көзөмөлөндү. Айрым, мисалы, Чүй областтык сотунда, Панфилов жана Жайыл райондук сотторунда ремонт иштери жүрүп жатат. Ал эми Москва жана Сокулук райондук сотторунда көп жылдардан бери ремонт жүргүзүлө элек.

Сот департаментинин директорунун айтымында кийинки жылдарда (ГЦП) Мамлекеттик Максаттуу Программанын негизинде ремонт жүргүзүлө элек бардык жергиликтүү соттордо ремонт иштери жүргүзүлүп, айрым бир жетишпеген региондорго сот имараттары да курулаарын билдирди. Жогорку Соттун Төрайымы А. Токбаева жергиликтүү соттордун судьялары жана сот кызматкерлери менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн, ойлорун, пландарын көзмө-көз отуруп укту. Жана алардан коррупциялык иштерге жол бербестен элдин ишенимин арттыруу максатында эмгектенип, таза, так жана кесипкөй иш алып барууларын өтүндү.

 

 

Жогорку Соттун басма сөз кызматы