Ак-Талаа районунун Баетов айылында дагы бир бала бакча ачылды. “Алтын муун наристе”жаңы бала бакчасы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржыланды.Каралбай калган имарат 1 жыл ичинде баардык шарттары менен ремонттолуп бүтүп колдонууга берилди.
Бала бакчанын ачылыш салтанатына райондун акими,райондук билим берүү мекемелеринин башчылары жана ошондой эле айыл тургундары катышты.Айылдын аксакалдары бата берип,лентаны салтанатту түрдө кезишти.
Райондук “Тынчтык” балдар бакчасында бир нече жыл жетекчи болуп, учурда ардактуу эс алууда жүргөн К.Малдыбаева бала бакчанын ачылышында мындай каалоо-тилектерин айтты: “Ушул бала бакча ачылганы абдан кубанычтуу.Керек болсо тарыхта калчу нерсе.Бала бакча акжолтой болсун, ичиндеги балдар кандай сүйүнүп келсе так ушинтип сүйүнүп кетсин, анан бактылуу балдардан болсун.”
Райондук билим берүү мекемесинин атынан Кубан уулу Рахат чыгып куттуктоолорун айтып жана бала бакчага ар кандай акылды өстүрүүчү оюнчуктарды белекке берди.
Лента кесүү салтанатынан кийин баардыгы ичине кирип, кичинекей балдар тарабынан даярдалган чакан концертке күбө болушту.
Сынакка даярдаган: А.Касмалиева. А.Айылчиева