“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жамааттык мультимедиалар жыл жыйынтыктады

20 Декабрь 2015 жыл 20:44
Көрүүлөрдүн саны: 120

Учурда өлкөбүздө  жыйырмадан ашык жамааттык маалымдоо каражаттары иш алып барат. Алар республикалык   жана жергиликтүү жаңылыктарды  элге жеткирип турушат. Аталган маалымдоо каражаттары ассосацияга биригишип, жасалган жана келечекте аткарылуучу  иштер тууралуу атайын түзүлгөн иш мерчемдердин негизинде иш жүргүзүлөт. Жакында ассосация мүчөлөрү чогулуп, өнөктөштөрдүн колдоосу менен жыл ичинде жасалган иштерди талкуулашып,  жарыяланган сынактардын жыйынтыгын чыгарышты.

IMG_20151213_173416IMG_20151213_172753

DW Академиясы жамааттык мультимедиалардын өкүлдөрү үчүн  жыл бою семинар окутууларды өткөрүп,  алардын билимдерин көтөрүүгө чоң көмөк көрсөтүштү. Аталган академия   “Эн мыкты  мультимедия борбору”  деген сынак жарыялаган. Жыйынтыгында “Тун-Ук”  мультимедиа борбору жеңүүчү деп табылып, академия  тарабынан ноутбук, диктофон жана  угуучу техника  менен сыйланды. Аталган борбордон сырткары дагы 2 мультимедиа белгиленген сыйлыктардын ээси болду.

IMG_20151213_172909IMG_20151213_173705

IMG_20151213_173322IMG_20151213_173232

Борбордун эки ыктярчысы Касмалиева Айчолпон жана Айылчиева Адинага  Академиянын  атайын сертификаты берилди.Ал эми “Клооп Медиа”  коомдук бирикмесинин маалымат бюллетенин чыгаруу боюнча  кичи долбоорун утуп алды жана  жергиликтүү калкты кабарлар менен үзгүлтүксүз  кабардар кылып турган борбор катары интернет үчүн 6000 бирдикке ээ болду.

 

Даярдаган:   Г.Мамытбекова