Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 08-августундагы №147 Жарлыгынын «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жана «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программанын иштерин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин«Адилет сот» маалыматтык технологиялар ишканасы менен биргеликте жана IDLOнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун IT-адистерине тренинг өткөрүүдө.
Тренингди куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борборунун бөлүмүнүн башчысы Кушназарова К.А., Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Мамлекеттик кызмат жана атайын иш бөлүмүнүн башчысы Кудаяров Ж.У., Сот тутумун бекемдөө боюнча IDLOнун Программасынын кеңешчиси Дуйшеев Н., «Адилет сот» МТИнин башкаруучусу Юрьев А.А. ачышты.
Иш-чаранын тренерлери – «Адилет сот» МТИнин башкаруучусу Юрьев А. А., «Адилет сот» МТИнин долбоорлорунун жетекчиси Степанов К. А., «Адилет сот» МТИнин техникалык бөлүмүнүн башчысы Медведев Б. В.
Тренингге Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 42 IT-адистери тɵмɵнкү график боюнча катышат: 2015-жылдын 21-22-декабрында I топ, 23-24-декабрында II топ.
Тренинг Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борборунда өтүүдө.
Жогорку Соттун басма сөз кызматы