Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде Жаны Жылдык балаты быйыл озгөчө маанайда белгиленди. КРнын Жогорку Сотунун Басма Сөз катчысы А.Токтошева мугалимдердин жана окуучулардын атайын өтүнүчү менен Жаны Жылдык балатыга катышып, балдарга жомок тартуулады.
Балдар Аяз Кыз, Сыйкырдуу Фея менен бирге ырдап-бийлеп, өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Иш-чаранын уюштуруучусу Г.Мамытбекованын айтымында Жаны Жыл алдында балдардын каалоо-тилектерин орундатуу максатында атайын өтүнүч кат менен кайрылган. Катта мектепте ата-энеси жок жетим балдарга кышкы кийимден жардам берүү жана Жаны жылдык балатыга катышып кетүү тууралуу өтүнүч жазылган.Балдардын балаты майрамына “Жыл мугалими-2015” республикалык кароо-сынагынын жеңүүсү Н.Алиева да катышып, ийгилик эстафетасын тапшырды.
А.Токтошева белгиленген категориядагы балдардан сырткары 60ка жакын окуучуга ар кандай белектерди ала келген. Окуучулар менен кошо ырдап бийлеп, аларга эсте калгыдай маанай тартуулады.Балатыга окуучулар менен бирге ата-энелер, мектеп администрациясы жана мугалимдер катышты.
Соңунда мектеп директору Ч.Рысбаева ыраазычылык кат жана чакан белектерди тапшырып, эстеликке сүрөткө түшүштү.
Даярдаган: Г.Мамытбекова