Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебин быйылкы окуу жылынын бутүшү менен түрткү берүүчү каражаттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүү иштери башталат. Тактап айтканда мектептин полу, эшик-терезелери толугу менен алмашылат. Мектептин курулганына 40 жыл өткөнү менен бул аралыкта мындай ремонт иштери жасалган эмес.
Баетов айыл аймагынын өкмөт башчысы Т.Турусбековдун айтымында быйыл ремонт жасоо стратегиялык пландагы ишке ашырылуучу маанилүү иштердин бири. Дагы бир долбоорго сунуш жиберишкен. Эгерде колдоого алынса анда жылытуу системасы дагы жаңыртылат. Мектеп жалпы 5млн.сомдун тегерегиндеги каражатка ремонттолот. Жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 600000 сом акча каражаты бөлүнөт.
Даярдаган: Г.Мамытбекова. 13.30
Маалымат басылманын жана автордун менчиги болуп саналат. Көчүрүп басууга тыюу салынат!