“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Афган жана Баткен согушунун каармандарына эстелик коюлат

28 Январь 2016 жыл 13:24
Көрүүлөрдүн саны: 190

Баетов айыл аймагына жакынкы арада Афган жана Баткен согушунун каармандарына арналган эстелик коюлат.  Алгач  эстеликтин макети   Бишкек  шаарынан  буйрутма менен жасалып келинген.

20160127_111845

Учурда эстеликти  архитекторлор  жактырылган макеттин негизинде  жасап жатышат. Кайсы жерге коюлары да  аныкталган.Баетов айыл аймагынын өкмөт башчысы Т.Турусбеков:  “Ошол  согуштарда жердештерибиз четте карап туруп калган эмес. Алар да интернационалдык, атуулдук парзын аткаршып, эрдиктерди жасашкан. Бул тарыхты келечек муундар унутпай, эстеринде сактап жүрүшсүн деп  жасоону максат кылдык” дейт. Кошумчалай кетсек, эстелик жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалууда.

13.30

Даярдаган:  Г.Мамытбекова

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!