“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Белгилүү адвокаттын уулу Айткулов А.И. алдамчылык үчүн 2 (эки) жылга эркиндигинен ажыратылды

29 Январь 2016 жыл 15:22
Көрүүлөрдүн саны: 153

Айткулов Азамат Икрамидинович  жабырлануучулардын ишенимине кирип, 2014-жылдын 25-сентябрында Т.Н. аттуу жаранга «БМВ­ Х5»үлгүсүндөгү авто унаага документалдуу түрдө ээлик кылбай туруп саткан. Сатылган унаа үчүн 10 000 (он миң) АКШ долларын алып, бирок, унаанын документ аркылуу тастыктаган ээси убактылуу жок болуп жатат деп, аны сатып алган адамга каттоону создуктуруп келген. Жабырлануучуга чыныгы максатын жашырып, аны 2014-жылдын 16-октябрында башкы келишим жазып берем деп, унааны Т.Н.дан алып, ага айтпастан ушул эле унааны Р.А.И. аттуу жаранга күрөөгө коюп, андан 5 000 (беш миң) АКШ долларын үстөк пайызы менен алган. Соттолуучу жабырлануучу Т.Н.ге  550 000 (беш жүз элүү миң) сом зыян келтирген.  Мындан тышкары Айткулов А. 2014-жылдын ноябрь айынын аягында алдоо жана ишеничке кирүү жолу менен  А. М. аттуу жарандан  2014-жылдын 10-декабрына чейин «Лексус­  GX­470» үлгүсүндөгү автомашинаны сатам деп, жабырлануучунун 10 000 (он миң) АКШ долларын алып, качып, жашырынып жүргөн.

 

Жогорку Соттун   маалымат кызматы