“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кыргыз Республикасындагы сотторду эффективдүү башкарууга Европа Биримдиги көмөк көрсөтөт

29 Январь 2016 жыл 15:23
Көрүүлөрдүн саны: 162

2016-жылдын 29-январында Бишкек шаарында, «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Биримдигинин долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы сотторду эффективдүү башкаруу маселелери боюнча тегерек стол өткөрүүдө.

Мында судьялардын жана соттордогу иштердин көптүгү, судьяларга баа берүүнүн регулярдуу системасы жана соттордун төрагаларын окутуунун атайын программасын уюштуруу суроолору каралмакчы.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун экс-төрайымы Максуда Оморова өлкөбүздөгү соттордун абалы тууралуу маалымат берүүдө. Ал эми Германиянын Бамберг шаарынын жер (райондук) сотунун экс-төрагасы Манфред Берт кесиптештерине өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү.

Кыргызстандагы сотторду эффективдүү башкаруу үчүн «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Биримдигинин долбоору Европанын тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү. Европа Биримдиги Кыргызстанда укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө өтө чоң маани берет. Бул үчүн Европа Биримдигине кирген жана ага кирүүгө ниеттенген Европа өлкөлөрүнүн сот тармагы боюнча тажрыйбалары көрсөтүлүп, анын керектүүсүн жана ылайыктуусун биздин соттордо колдонуу каралат. Европа Биримдиги сотторду эффективдүү башкаруу үчүн пилоттук түрдө Аламүдүн, Свердлов райондук сотторунда жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда маалыматтык технологиялардын системасын киргизмекчи. Буга кошумча соттордогу башкаруунун эффективдүүлүгү, сот отурумдарынын создуктуруусун, сот өндүрүшүнө байланыштуу финансылык жана убактылуу чыгымдарды кыскартуу, ошондой эле жарандардын сот адилеттигине жеңил жетүү сыяктуу суроолор боюнча көмөктөшмөкчү.

 

Жогорку Соттун басма сөз кызматы