“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Баетов айылынын босогосу заманбап үлгүдө жаңыртылат

1 Февраль 2016 жыл 21:26
Көрүүлөрдүн саны: 184

Баетов айылы Ак-Талаа районунун борбору болуп саналат. Айылда 9миңге жакын түтүн калк жашайт. Жакында мына ушул айылдын босогосу-кире бериш жолдун эки тарабы жергиликтүү бюджеттин эсебинен заманбап үлгүдөгү жарыктар менен жасалгаланып, бак-дарак, арчалар тигилет.

20160128_15520420160127_111922

Ал эми бул иштер тууралуу айыл өкмөт башчы Т.Турусбеков: “Айыл райондун борбору болгондуктан меймандар, сырттан инвенсторлор көп келет. Кыргызда    “эшигин көрүп төрүнө өт”  дейт эмеспи. Жакшы таасир калтыруу, айылдын көркүн жогорулатуу максатында кайра жасалгалоо иштерин баштадык. Жарыктарды убагында күйгүзүп-өчүрүү милдети   өзүбүздө болот” дейт.

Даярдаган:  18.25.     Г.Мамытбекова

Маалымат басылманын жана автордун менчиги болуп саналат! Көчүрүп басууга тыюу салынат!