Ак-Талаа районундагы орто мектептин окуучулары арасында предметтик олимпиада жыйынтыкталды. Ага райондун 18 орто мектептеринин 200гө жакын алдыңкы окуучулары 10 предмет боюнча өз билимдерин сынашты. Олимпиаданын журүшүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана мугалимдерден түзүлгөн комиссия иш алып барды. Жыйынтыгында командалык упайларды эсеби менен Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектеби 1-орун, Э.Карасартов атындагы орто мектеби 2, ал эми Ж.Сатылганов атындагы орто мектеби 3-орунду камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары менен сыйланып, облустук турга катышууга жолдомо алышты. Маалыматтарга караганда облуста 24-фералда өтөт.
Кошумчалай кетсек; Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалимдери олипиадада жакшы ийгиликтерди камсыз кылуу үчүн ноябрь айынан тарта даярдык көрүп башташкан.
Даярдаган: 17.43. Г.Мамытбекова
Маалымат басылманын жана автордун менчиги болуп саналат. Көчүрүп басууга тыюу салынат!