“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Окуучулар ар кыл кесип ээлери менен жолугушту

5 Февраль 2016 жыл 22:49
Көрүүлөрдүн саны: 172

Бүгүн   Ак-Талаа районунун жалпы орто билим берүүчү 5 мектептин окуучулары маданият үйүндө ар кыл кесип ээлери менен жолугушту. Кайсы окуу жайда кайсы кесиптерге даярдайт, акысыз жана акы төлөп  (контракт), күндүзгү, кечки, аралыктан окуу боюнча  маалымат алышты. Мугалим, дарыгер, суу жана мал чарба адиси,мамлекеттк кызмат, милиция,прокуратура, маданият тармагындагы адистер кесиптердин өзгөчөлүктөрү, кыйынчылыгы,жакшы жагы жана ийгиликке жетишкен жердеш ага-эжелер жөнүндө кененирек токтолушту.

20160205_14271220160205_142834

 

20160205_160900 20160205_152030

 

20160205_16213920160205_165336

 

Жолугушууга мындан сырткары С.Нааматов атындагы НМУнун мугалимдери да катышып, окуу жайдагы факультеттер, окуудагы жеңилдиктер жөнүндө окуучулардын, ата-энелердин суроолоруна жооп беришти. Жолугушуунун аягында ата-энелер, окуучулар балдардын келечеги үчүн кам көрүп, ушундай жолугушууну уюштуруп берген жергиликтүү жетекчилерге ыраазычылык билдирип, мындай иш чаралар керектүү учурда өтүлгөнүн белгилешти.

 

20160205_17223820160205_172316

Даярдаган:   19.49.  Г.Мамытбекова

Маалымат басылманын жана автордун менчиги болуп саналат. Көчүрүпбасууга тыюу салынат.