“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

“Кыргыздын айрым сөздөрү жаштар арасында кадырын жоготту

14 Февраль 2016 жыл 23:05
Көрүүлөрдүн саны: 145

Мындан 15-20 жыл мурда ата-энелер Акжол, Намыс деген аттарды жакшы тилек менен балдарына коюп келишкен. Ушундай аталыштагы нерселер эл арасында пайда боло калып, туура эмес жактарын көрсөткөндүктөн  жаштар арасында  түпкү маанисиндеги кадырын жоготту. Ошол себептүү кийинки муун ушул сөздөрдү кабыл алгысы келбей калды. Уккусу да келбейт”  дейт   “Адеп башаты”  прогрессивдүү коомдук фондусунун өкүлү М.Таласбаев.

20160209_133009(0)20160209_130818

Ал эми “Ыйык Ата Журт”  уюмунун өкүлү   Умаров Мирлан “тарбия бир эле учурда ата-эне, мугалим тараптан бирдей болбосо билим жыйынтык бербейт” деп ойлойт.  Үчөө  байланышта болуусу керек”.

20160209_130255

Мындай жолугушуу Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде алгачкы жолу өтүп жаткандыктан   мугалимдер  жигердүү катышып, суроолоруна жооп алышты. Ошондой эле мектеп жетекчилиги мүнөзү оор балдар жана ата-энелер  менен жолугушууларга келип берүүлөрүн өтүндү.

 

Даярдаган:  Б.Мамытбекова