Бүгүн Ак-Талаа райондук администрациясында Аялдар кеңешинин жыйыны өтүп,анда 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүн белгилөө боюнча сүйлөшүлдү. Жыйынга кеңештин мүчөлөрү, жетекчи айымдар жана акимдин орун басары Ж.Мамбетова катышты. Жыл сайын салт катары өтүлүп келаткан иш чарада быйыл да ар кыл тармактагы алдыңкы мырзаларды атайын белектер, Грамоталар менен сыйлоо, ошону менен бирге концерттик программаларды даярдоо тапшырмалары берилди.Ак-Талаа райондук Аялдар кеңешинин төрайымы Б.Турдубекова «Мындай белгилүү даталарды мүчөлүк акынын эсебинен өткөрчүбүз. Быйыл акы чогултулбай калгандыктан жетекчи айымдар өз каражатыбыздан өткөрүүнү чечтик» дейт. Даярдаган: Г.Мамытбекова