“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Эл аралык сынактын катышуучусу-Айзада Бектурганова

16 Февраль 2016 жыл 16:19
Көрүүлөрдүн саны: 234

Айзада Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде орус тили жана адабияты сабагы боюнча мугалим болуп эмгектенет. Ар бир сабагын окуучу үчүн кызыктуу болушу үчүн ар дайым изденүүнүн үстүндө. ЖМКна же интернет басылмаларынан адистигине байланыштуу  маалыматтар менен таанышып, сынактарга катышып турат.

20150923_173010[1]

 

Жакында Россия кызматташтыгынын     “ Чет жердеги  орус тили жана адабиятынын мыкты  мугалими”  үчүнчү эл аралык   сынагына интернет аркылуу катышып, атайын сертификатты жеңип алган.

20160203_160639

Өзүнүн айтымында    Педагогика  жана адистик боюнча тесттик суроолорго жооп берген. Бул сынакка Кыргызстан,  Озбекстан, Тажикстан ж.б коңшу өлкөлөрдүн ондогон мугалимдери катышкан. Жеңүүчүлөр болсо Россиянын борбору Москвада бир жумалык саякатта болушту. Ал эми жигердүү катышкандарга сертификат, грамоталар электрондук даректер аркылуу жөнөтүлгөн. Үйдө отуруп деле изденип ийгиликке жетишсе болот деген А.Бектурганова  мындай сынактарга дагы көп катышып, билимин көтөрүү максаты бар экенин айтты.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова