“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Аскердик мелдеш окуучуларды патриоттуулукка тарбиялайт

25 Февраль 2016 жыл 23:30
Көрүүлөрдүн саны: 107

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 11-класстын окуучулары арасында  аскердик-спорттук “Зарница”  сынагы өттү. Сынак жободо  белгиленген тапшырмалардын  негизинде өтүп, окуучулар  жигердүү катышты.

20160220_144209

20160220_145005

Командалар противогаз кийүү, автоматты белгиленген убакта чачуу, жыйноо, кол күчүн сыноо, биринчи медициналык жардам көрсөтүү, аркан тартуу жана эстафеталык көнүгүүлөрдү аткаруу  сыяктуу тапшырмаларды аткарышты.

IMG_20160220_160514

IMG_20160220_162442

Эки команда тең оюндун жүрүшүндө артыкчылыктарын корсөтүүгө аракет кылышты.

IMG_20160215_104611

Мектептин аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими Ш.Мурзабеков:  “Бул спорттук мелдеш салт катары жыл сайын Куралдуу күчтөрдүн күнүнө карата өтөт. Мындай иш чаралар жаш муундарды шамдагай болууга  ошол эле учурда патриоттуулукка тарбиялайт” дейт.    Сынактын жыйынтыгында  11-б классынын командасы жеңишке жетишип, грамоталар менен сыйланышты.  Иш чарага   Афган согушунун ардагерлери, ата-энелер, укук коргоо  жана аскер комиссариатынын   жана башка коомчулуктун өкүлдөрү  катышты.

IMG_20160220_160141

 

Сынак үчүн даярдаган:   А.Касмалиева,  Н.Муратбекова