“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жергиликтүү кеңешке талапкерлерди каттоо аяктады

25 Февраль 2016 жыл 23:13
Көрүүлөрдүн саны: 117

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы бүгүн жергиликтүү кеңешке талапкерлердин документтерин кабыл алууну токтотту.  Үстүбүздөгү жылдын 27-мартында өтүүчү   шайлоого карата 89 талапкер арыз берген. Тактап айтсак Баетов айылдык кеңеши 21 мандаттан турат. Ал эми жогорудагы талапкерлердин сандык көрсөткүчү  бир орунга 4 адам туура келерин  көрсөтөт.  Алынган маалыматка караганда быйыл талапкерлер көп катталганынын себеби: күрөөгө коюлуучу акча каражаттын жоктугу. Айрымдары жөн гана бир күн жылдыз болуу үчүн деле арыз берип жатышат.

 

даярдаган:   Г.Мамытбекова