Ак-Талаа районунда окуучулар арасында «American Song Contest 2016» аттуу англис ырларын аткаруу боюнча сынактын жарым финалы өттү. Бул сынактын максаты -англис тилин өздөштүрү жана англис тилинде эркин суйлөө, АКШнын ырдоо маданиятынын таануу болуп эсептелет. Бул конкурска Т.Сатылганов Э.Карасартов Календеров Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин таланттуу окуучулары келип катышып, өз өнөлөрүн тартуулашты.
![IMG_20160227_165007[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/15/2016/02/IMG_20160227_1650071.jpg)
Сынактын биринчи айла 7 окуучу өткөн.Ал эми экинчи айлампасында жеңүүчү болгон 7 окуучу окуучу катышып, тапшырма боюнча ар бири англис тилинде 2 ыр ырдашты. Экинчи айлампанын жыйынтыгы менен 1 орунду Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучу Замирбекова Ханзаада, 2 -орунду Э.Карасартов мектебинин 7 классынын окуучусу Санжарбеков Берадор, ал эми 3 орунга Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары Рахатбек кызы Айдай, Базаркулова Аймырза татыктуу болушту.
![IMG_20160227_164735[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/15/2016/02/IMG_20160227_1647351.jpg)
Бул сынак мыкты денгээлде өткөрүлүп, көрүүчүлөргө жакшы таасир калтырды.Ал эми женүүчүлөр алдыдагы Нарын облусунда боло турчу сынакка катышуу үчүн камылга көрүшөт.
![IMG_20160227_164706[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/15/2016/02/IMG_20160227_1647061.jpg)
Даярдаган: Касымалиева Айчолпон Кубанычбекова Калида