“Тарых жана маданият жылына” карата Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде ар аптанын жума жана ишемби күндөрү ата-энелер арасында ар түрдүү спорттук мелдеш өтүп туруу белгиленди. Мелдештерди өткөрүүнүн негизги максаты ата-энелерди мектеп турмушуна активдүү катыштыруу менен байланышты чындоо жана окуучуларды бош убактысын туура пайдаланууга үйрөтүү. Оюнду мектептин дене тарбия мугалими Т.Жыргалбеков уюштуруп, жалпы ата-энелер комитетинин мүчөлөрү демөөрчүлүк кылышат.


6 класстын ата-энелери арасында “Шайыр старт” оюну өтүп,чуркоонун 8 түрү боюнча кч сынашты . Оюндун жүрүшүндө тапшырмаларынын так аткарышып, ата-энелер классынын намысы үчүн жигердүү катышууга аракет кылышты

Жыйынтыгында 6-б классынын ата-энелери жеңишке жетишишти.Оюн жакшы маанайда аяктап жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Сынак үчүн даярдаган: Кубанычбекова Калида Касымалиева Айчолпон