Деген пикирин билдиришти бүгүнкү болгон жолугушууда шайлоочулар. Жолугушууга келгендер мурдагы шайланган депутаттардын кетирген кемчиликтери, айыл өкмөткө салыктан болобу же долбоор аркылуу келген каражатпы айтор туура эмес, өтө ысырапкорчулук менен жумшалары ачык айтылды.
![20160319_155546[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/15/2016/03/20160319_1555461-300x169.jpg)
![20160319_155719[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/15/2016/03/20160319_1557191-300x169.jpg)
Тактап айтканда Кулубай көчөсүнүн жашоочусу Д.Машерипов: “эбегейсиз акча бөлүнгөн жерди карасаң, көңүлгө толорлук иш жасалбаган болот. Тайлактын эстелигине 150000 бөлдүк дейт. Биз курулушту билгендер анын кв.метрин эсептеп чыкканбыз. Мындай көрүнүш толтура” дейт. Мындан сырткары Баетов айылына 3млнго жакын каражатка салынган спорт залдын чатырынын жыл айланбай шамал алып кетиши, 2млн 700мин сом каражатка кайра жасалган бассейндин абалы тууралуу кайчы пикирлер айтылды.
Даярдаган: Кубанычбекова Калида
Тренер: Айылчиева Адина