Бүгүн №2 вет борбор шайлоо участкасындагы 20 талапкер баары күн мурун белгиленгендей шайлоочулар менен кварталдарда жолугушуу өткөрүштү.
![20160319_111233[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/15/2016/03/20160319_1112331-300x169.jpg)
Чогулган элге талапкерлер келечектеги жасай турган иштери, алдыга койгон максаттары жөнүндө маалымат берди. Көпчүлүк элдин пикири боюнча учурда айылда жайыт, таза жана сугат суу, жер айдоо, мамлекеттик жөлөк пул маселелери тийиштүү денгээлде чечилбей келет. Жана ошондой эле айыл ичиндеги жолдордун абалы, четки көчөлөрдү жарыктандыруу жаштарга тиешелүү маселелер талкууга алынды.
![20160319_121458[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/15/2016/03/20160319_1214581-300x169.jpg)
![20160319_111911[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/15/2016/03/20160319_1119111-300x169.jpg)
Шайлоочулар талапкерлерге ар кыл багыттагы суроолорду берип жооп ала алышты. Жогорудагы талапкерлердин ичинен 6сы аял жолдоштор. Эскерте кетсек: 1920 шайлоочусу бар бул участкага 6 мандат берилген. Шайлоо үстүбүздөгү жылдын 27-мартында өтөт.
Сынакка даярдаган: Калида Кубанычбекова
Тренер: Адина Айылчиева