“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Элдик революцияга арналган сүрөт көргөзмө ачылды

4 Апрель 2016 жыл 18:03
Көрүүлөрдүн саны: 216

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 7-апрелге арналган таланттуу окуучулардын кыл калеминен жаралган сүрөт көргөзмө ачылды. Анда окуучулардын аталган күнгө байланыштуу сүрөттөрү коюлду.

DSC_0280DSC_0282

DSC_0448DSC_0456

DSC_0281

Сүрөт мугалими З.Омуркулов белгилегендей окуучулар бул эмгектерди    ошол учурдагы окуяларды кандай элестетип, кандай ойлосо дал ошондой чагылдырып берүүгө аракет кылышкан. Сүрөттөрдү карап отурсаң  ошол кандуу учур балдардын жан дүйнөсүнө өтө катуу таасир эткендиги байкалат. Бир эле бала ал окуяны улам башкача сезим, башкача көз караш менен тартканын көрүүгө болот. Көргөзмө 15-апрелге чейин уланат.

Даярдаган:    Жыргалбек кызы Элиза

Тренер:         Кубанычбекова  Калида