Аталган иш-чара “Тарбия жакшысы-ата-эненин бактысы” деп аталып Б.Мүсүралиева атындагы орто мектебинде өттү. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, ата-энелер катышты.


С.Жусупбаев, К.Молдобасанов, Ш.Бейшеналиев, Т.Оторов, Э.Карасартов атындагы мектептердин тарбия иштеринин уюшуруучулары окуучулага ар кыл багыттагы кластык саат, тегерек стол, дебаттарды өтүштү.


Семинарда 7-класска “Адамдын кулк-мүнөзү” деген темада сабак өткөн Н.Суйлайманова “мектепте окуучулардын тартиби, тазалыгы, активдүүлүгү абдан жакшы. Ойлорун тартынбай айтып бергендиги сабагымдын жакшы өтүшүнө жардам берди” дейт.

Ал эми билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Ж.Сыдыков “бүгүнкү ушул жерде өтүлгөн ар бир сабакты өз мектебинерде класс жетекчилер менен бирге өткөргүлө. Өзүңөр көрүп жаткандай учурда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук абдан көбөйүп жатат. Эн негизгиси тарбия экендигин унутпашыбыз керек” дейт.
Даярдаган: Калида Кубанычбекова
Тренер: Адина Айылчиева