“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Элдик революция-окуучулар тарабынан сахналаштырылды

5 Апрель 2016 жыл 19:00
Көрүүлөрдүн саны: 195

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими Г.Какаева   элдик революция   тууралуу көркөм   баяндама жазып, аны бүгүн мугалимдерге, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тартуулады.

DSC_0376

Баяндаманы окуучулар аткарып, анда Кыргызстандын Эгемендик алган учуру, элдин кыйын жашоосу, К.Бакиевдин ант берүү учурундагы аянтта бийлеген бийи, Аянттагы элдин көзгө атарлардан мерт болушу сыяктуу көрүнүштөр чагылдырылды.

DSC_0387

DSC_0411

DSC_0420

DSC_0425

К.Бакиевдин ролунда 10-а классынын окуучусу Алдаберген уулу Узак болду. Мыкты аткарылган ролдор, таамай курч жазылган сөздөр келгендедин айрымдарын көзүнө жаш алдырды.

DSC_0370

DSC_0438

Тилекке каршы Элдик революцияга арналып өткөрүлгөн бүгүнкү иш чарага райондук билим берүү бөлүмүнөн бир дагы өкүл  келип катышкан жок.

Даярдаган:    Кубанычбекова Калида

Жыргалбекова Элиза