“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Окуучулар аралык ХI спартакиаданын биринчи айлампасы аяктады

8 Апрель 2016 жыл 11:51
Көрүүлөрдүн саны: 169

Райондогу орто мектептердин окуучулары аралык спартакиада бул жолу 3 өрөөндө,бир эле учурда Н.Жыргалбекова, Ж.Сатылганов  жана Ш.Бейшеналиев  атындагы орто мектептеринде өткөрүлдү.

20160405_154714IMG_20160405_104534 IMG_20160405_114535 IMG_20160405_115010

IMG_20160405_114607

Спорттун 6 түрү боюнча   мелдешке 6 орто мектептин жаш спортчулары катышты.

20160405_10111820160405_101148Райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Ж.Сыдыков” Быйыл ушундай үчкө бөлүп өткөрүп жатабыз. Анткени 18 мектептин спортчуларын бир жерге бир күндө чогултуп өткөрүү кыйындыкка турат экен. Экинчи финалдык туруна 1-2-орундарды алган  күчтүү командалар келишет. Ал 9-апрель күнү болот”  дейт.  Бул жолку мелдештерде Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары жакшы даярдыкта экенин көрсөтүшүп, футбол, эстафета, волейбол, тогуз коргоол, шахмат боюнча алдыңкы орундарды камсыз кылышты.

Даярдаган:   Мирлан кызы Айпери

Тренер:         Кубанычбекова Калида