“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Космонавтика күнү белгиленди

15 Апрель 2016 жыл 4:45
Көрүүлөрдүн саны: 175

Адам баласы алгачкы жолу космоско учкан  жылдан бери 55 жыл өттү. Мына ушуга байланыштуу  Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 12-апрель космонавтика күнү белгиленди.

20160320_002416 20160413_154959

Анда окуучулар алгачкы космонавт   Ю.Гагарин, В.Терешкова жана кыргыздан чыккан биринчи учкуч  С.Шариповдун өмүр баяны, космос кораблдери тууралуу маалымат менен таанышты. Анда Ю.Гагариндин    космоско учар алдындагы    “Байконур”  космодромунан элге кайрылуусу видеожүгүртмө аркылуу көрсөтүлдү.

Эске  салсак, Ю.Гагарин 1961-жылы 12-апрелде “Восток” кораблинеде биринчи жолу космоко учкан. 1968-жылдан бери бул күн Бүткүл дүйнөлүк авиация жана космонавтика күнү катары белгиленип келген. 55  жылдан бери кыркка жакын өлкөдөн 500дөй адам космос мейкиндигинде болушкан.

Даярдаган:    Рахатбекова Айдай

Тажиева Эльнура