“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

“Тарыхыбызды унутпайлы, маданиятыбызды көтөрөлү” –мугалимдердин райондук сынагы жеңүүчүлөрдү аныктады

15 Апрель 2016 жыл 4:37
Көрүүлөрдүн саны: 137

Ак -Талаа районунда мугалимдер арасында кароо-сынак 2 айлампа менен өтүп, ага жалпы 15 орто мектептин мугалимдери катышты. Ал эми  финалдык турунда 5 мектептин мугалимдери 3 тапшырма боюнча күч сынашты.

DSC_0012

DSC_0009DSC_0007DSC_0061

Өзүн тааныштыруу же саламдашуу тапшырмасынын мааниси сынактын темасына байланыштуу аткарылды. Анда  Б.Мүсүралиева атындагы орто мектебинин    “Кут” командасы өзгөчөлөнүп,    Манас, Тайлак баатыр,   Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари өңдүү  тарыхый инсандардын образын элестүү көрсөтүп беришти.

DSC_0058

Ал  эми  М.Баетов атындагы орто мектебинин  “Санжыра” командасы  А.Чоробаевдин  “Тайлак баатыр”  поэмасынан  10 мүнөт көркөм окуп, күйөрмандарын кубантты.

DSC_0110 DSC_0126
DSC_0103Үркүн учурундагы элдин оор абалы, качкындар, зоокадан учуп өлгөн кыргыздар-мына ушунун баары   А.Абдраимов мектебинин мугалимдери даярдап келген сахналык көрүнүштө көрүүчүлөргө тартууланды. Калыстар тобу  ушул тапшырманы жеткире аткаргандыктарын, мыкты режиссерлук иштерин баса белгилешти. Сынактын жүрүшүндө  кемчиликтер да кездешип, айрым мугалимдер саламдашууда, жеке номерлерди аткарууда жоопкерчиликсиз мамиле жасашкандыгы белгилүу болду.

DSC_0149

Сынакта болгону 3 тапшырма болсо, анын экөөсүн Жеңишкүл Бактыбай кызы аткарып, Э.Карасартов мектебинин командасына алдынкы упайларды алып берди. Жыйынтыгында  Э.Карасартов мектеби-1, А.Абдраимов   мектеби -2, ал эми М.Баетов мектеби 3-орундарды камсыз кылышып, акчалай байгелерге ээ болушту. Ошондой эле мугалимдердин кесиптик бирликтер уюмунун төрагасы ар бир командага 500 сомдон берди.

DSC_0203 DSC_0193 DSC_0198

Даярдаган:     Г.Мамытбекова