“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мектеп окуучуларын базалык каттодон өткөрүү жүргүзүлүүдө

18 Апрель 2016 жыл 12:10
Көрүүлөрдүн саны: 187

Нарын областы боюнча мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлүп жаткан биометрикалык каттоо жүргүзүлүүдө. Буга Ак-Талаа районунун баардык 18 айылынын информатика сабагынын мугалимдери барып бир сааттык сабак алып келишти. Анда ар бирине бирден ноутбук берилген, аны 1-майга чейин окуучуларды базалык  каттоодон өткөрүп, анан жалпы республикалык маалымат жүргүзүлөт.

Базалык каттоодон өтүү үчүн мектеп окуучуларынын ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү, туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн жана ОМСтин көчүрмөсү керектелет.

20160418_104908

Бул жөнүндө Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин информатика сабагынын мугалими Макелеева Нургүль Карпачиевна маалымат берип кетти:

-Мен Макелеева Нургүл Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин информатика сабагынын мугалимимин. Жакында эле Нарын областында  базалык каттодон өтүү боюнча 18 айылдын информатик мугалимдери  сабак алып келдик. Ал жактан каттоону кантип өткөрүү керек экенин гана үйрөнүп кайттык. Бул каттодо биометрикадан өтө элек гана окуучулар өтө алат.

20160418_104708

Ошондой эле үстүдө айтылган мектептин 11-классынын окуучусунун оюн билип келдик:

-Мен Сатарбекова Нургиза 11-классынын окуучусумун. Бул каттоого көз карашым түз эле. Бирок биометрика боюнча толук маалымат билбейбиз. Угушубузга караганда берилген логин аркылуу  чет өлкөгө чыгарда биз жөнүндө маалымат берет экен. Ал да болсо бизге оңой болот. Мында бизге тоскоолдук жаралбайт.

20160418_103924

Биометрикадан өтүүгө кээ бири түз карашта болсо кээ бири каршы болууда. Бул боюнча айтылып кеткен мектептин ата-энелер коммитетинин мүчөсү Кубатова Айнура өзүнүн пикирин айтып кетти:

-Бул биометрикалык каттонун өтүүшүн туура деп ойлойм. Буга мектеп окуучулары гана эмес бала бакчадагы жана жаңы төрөлгөн балдарды дагы ОМСте каттагандай эле биометрикадан дагы өткөрүшсө мындан да жакшы болмок.

20160418_111021

Даярдаган: Нурпери Муратбекова

Айганыш Конокбаева

Сынак үчүн