1986- жылы 26 — апрелде Украина ССРинин Чернобыль шаарынын аймагында жайгашкан атомдук электр станциясындагы болгон жарылуу ири калктуу өлкөнүн зор аймагын радиоактивдүү булгануусуна, уулануусуна, химиялык жактан талкалануусуна алып келип, миллиондогон адамдардын тагдырына, ден-соолугуна коркунуч жараткан. Бүгүн 26-апрель Чернобыль апаатынын 30 жылдыгына карата Баетов айыл аймагында жыйын өттү. Мында, биздин айылдан апаатка катышып келген 8 ардагер сыйлыкка ээ болушту. Бул күндү Кыргызстан боюнча белгиленүүдө.

Чогулушка Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары А.Сулайманов, аксакалдар уюмунан Өмүрбек Дөлөев жана ошондой эле соц.коргоо, аскер комиссариятынан, Кара-Бүргөн , Жаңы-Талап айылдарынан, аялдар комитетинен, жаштар уюмунан өкүлдөр келип ардагерлерибизге каалоо-тилектерин айтып кетишти. Ак- Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары А.Сулайманов өз сөзүндө мындай деп айтып кетти:

«Жалпы райондук активдин атынан биздин Чернобыль апааттын катышуучулары ак сакалдарыбызга, үй – бүлөлөрүнө чын ден – соолук, узун өмур, бакубат жашоо каалайм. Биринчиден жеке өзүмдүн атыман 30 жылдык майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул 1986 -1989 жылдары союздун катуу мезгилинде Чернобылда союздук мамлекеттик чоң авария болгондо сиздер барып катышып, өмүрүңүздөрдү аябай эрдик жасагансыздар.Сиздер ардайым биздин жүрөгүбүздө турасыздар».
Жана ошондой эле Ильич Акылбекович Чернобыль апаатынын катышуучулары; Кадыралиев Марсбек, Сулайманов Жолдубай, Осмонов Турсунбек, Абдиев Рысбек, Токтоев Автандил, Накиев Райымбек, Андашев Сейитбек төш белгилери менен сыйланышты.

Жана ошондой эле Ильич Акылбекович Чернобыль апаатынын катышуучулары; Кадыралиев Марсбек, Сулайманов Жолдубай, Осмонов Турсунбек, Абдиев Рысбек, Токтоев Автандил, Накиев Райымбек, Андашев Сейитбек төш белгилери менен сыйланышты.
Ошондой эле аксакалдар уюмунан Өмүрбек Дөөлеевич өз калоосун айтып кетти:
Саламатсыздарбы урматтуу Чернобль апааттын катышуучулары сиздерди 30 жылдык майрамыңар менен куттуктайм.Сиздерге чын ден-соолук, узак өмүр каалап кетүүгө уруксат этиңиздер.Бул Чернобль аппатында көптөгөн адамдар өз өмүрү менен кош айтышты. Кыргыздар үчүн сиздер Чернобылга барганыңыздар чоң сыймык деп эсептелинет. Ушул майрамыңыздар кут болсун.
Даярдагандар: Айганыш Конокбаева
Нурпери Муратбекова
Сынак үчүн