“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

“Алиппе” майрамы белгиленди

4 Май 2016 жыл 15:22
Көрүүлөрдүн саны: 733

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 1-класстын окуучуларынын Алиппе майрамы өттү. Анда окуучулар жыл бою үйрөнгөндөрүн окуучуларга, ата-энелерге, мугалимдерге тартуулашты.

DSC_0136

 

DSC_0208

DSC_0181

Майрамдын жүрүшундө кыргызча, орусча, англисче ырларды айтып, Жомоктогу каармандарды туурашып, келгендердин маанайын көтөрүштү.

DSC_0233

 

DSC_0259

1-в классынын окуучулары  “Карышкыр жана улактар”, “Алтын тоок”  жомокторун куурчак театрда ойноп,  Чарли Чаплинди пантомимо кылып  коюп, кыздар чыгыш, ал эми балдар «Кара жорго» бийлерин бийлеп беришти. Ошондой эле  тарбиялык маанидеги макал-лакаптар, табышмак-жанылтмачтар айтылды.  Майрамдын соңунда ата-энелер балдарга жомок китептерди белекке беришти.

Даярдаган:  Н.Муратбекова