Ак-Талаа районунун аймагындагы орто мектептердин 10-классынын окуучулары арасында Ч.Айтматовду таанытуу, чыгармаларын даңазалоо, маанисин аңдап-түшүнүү максатында дилбаяндар сынагы болуп өтту. Ага жалпы 39 окуучу катышып, “Чыңгыз жана Мен” деген темада 60 мүнөт дилбаян жазып, жазуучунун чыгармаларынан түзүлгөн тесттик суроолорго жооп беришти.

Бул иш чаранын демилгечиси, Улуттук Университеттин 4-курсунун студенти Б.Бейшенбеков: “Бул сынак облус боюнча өтөт. Бул идея өзүбүзгө таандык. Аны Дамира Ниязалиевага айтканда колдоого аларын билдирди. Демөөрчүбүз ошол киши” дейт. Сынактын жүрүшундө ардагер мугалим Ж.Белекова жана К.Молдобасанов мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими М.Мамытова калыстык милдет аткарышып, окуучулардын ишин текшерип, татыктууну аныкташты.


Жыйынтыгында 1-орунду Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу Нестан Токтокыдырова камсыздап, ага сертификат, Ч.Айтматовдун 8 томдук китеби жана планшет тапшырылды. Ал эми 2-орунду Ак-Тал айылындагы Аскар Турдакунов атындагы орто мектебинин окуучусу Бейшебек кызы Айнур жана 3-орунду Кара-Бүргөн айылындагы Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин окуучусу Айым Мааданбекова ээлеп, сертификат жана Ч.Айтматовдун 8 томдук китебин алышты. Ал эми окуучуларды даярдаган мугалимдерине ыраазычылык тапшырылды.

Даярдаган: Г.Мамытбекова