Орто мектептин мыкты бүтүрүүчүлөрүнө Алтын медаль биринчи жолу 1828-жылы Россияда берилген. Кыргызстанда болсо 1960-жылдардан тарта окуудагы мыкты жетишкендерге ээ болгон бүтүрүүчүлөргө чоң салтанат менен Алтын жана Күмүш медалдар тапшырылчу. Ал эми окуудагы мындай ийгиликтерди багындырган бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайга тапшырууда кыйла артыкчылык берилген. Алардын сүрөттөрү мектептерде үлгү катары илинип турчу. Мезгилдин өтүшү менен бул Алтын медаль артыкчылык Кызыл аттестат деп өзгөрүлгөн. Айырмасы башка окуучуларга сырты көк, ал эми мыкты өздөштүргөндөргө кызыл түстөгү аттестат берилген. Акыркы 5-жылдан бери Кызыл аттестатка талапкер окуучу билим денгээлин тастыктоо жана билим сапатын көз карандысыз баалоо үчүн милдеттүү түрдө сыноодон өтүү талабы киргизилген. Ал эми быйылкы окуу жылынын аякталышы менен окууда жакшы жетишкендиктерге ээ болгон бүтүрүүчүлөргө жогоруда белгиленген сыноодон өтүп келген соң “Алты тамга” артыкчылык аттестаты деп берилет.
Эскерте кетсек; Билим денгээлин тастыктоочу сыноо жалпы 5- кыргыз, орус тили, алгебра, Кыргызстандын тарыхы, химия сабактары боюнча болот. Аталган сыноо 2016-жылдын 12-майында ар бир облустун борборлорунда өтөт.
Сынакка даярдаган: Кубанычбекова Калида