Бүгүн Ак-Талаа районунун Баетов айылында Улуу Жеңиш күнүнө карата салтанат алгач Эстелик монументине гүлчамбар коюу менен башталды.


Андан соң согушта курман болгон жоокерлердин элесине куран окулду.


Согуш ардагери Батырбеков Акий жана Ибраимканов Жусупказы ата согуш маалындагы аскердик унаа менен жүрүш жасады.

Жалпы буйруктан кийин РИИБ, өрткө каршы кызматынын кызматкерлери, Баткен, Афган согушунун ардагерлери, №40 кесиптик лицейдин курсанттары жана Э.Карасартов, Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары өтүштү.




Жүрүштү райондук аскер комиссары кабыл алды.

Ал эми №40 кесиптик лицейдин мугалимдери согуштун жана тылдын ардагерлерине аскер боткосун таратышты.


Райондук маданият үйү тылдагы жашоону сахналаштырып беришти.

Салтанат балдар билим борборунун “Кыял” бийчилер тобунун “Смуглянка” бийи менен сонуна чыкты.
Эскерте кетсек; учурда райондун аймагында согуштун 2 жана тылдын 8 ардагери гана калган.
Сынакка даярдаган: Кубанычбекова К