“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Насыяны максатуу пайдалануу-өзүбүздүн колубузда.

16 Май 2016 жыл 20:25
Көрүүлөрдүн саны: 201

Бүгүн    “Менин ийгилигим”  долбоорунун алкагында насыяны максаттуу пайдалануу тууралуу сүйлөшөбүз. Анда алгач насыя эмне экендигине токтололу:

Насыя –бул кайра кайрылып келүүсү, мөөнөтү эске алынып, үстөк пайыз түрүндө төлөнүүчү капиталдын карыз кыймылын айтабыз. Баарыбызга белгилүү болгондой учурда  насыя  өзгөчө мааниге ээ. Ал бүткүл экономика тармагынын инвестицияга болгон кошумча муктаждыгын чечүүдө. Насыя алуу-жоопкерчиликтүү чечим. Ошондуктан аны алардан мурун максималдуу түрдө даярдык көрүп, ар тараптуу маалыматка ээ болуу керек. Бул тууралуу Айыл банк ачык акционердик коомунун Ак-Талаа региноалдык бөлмүнүн кредит берүү боюнча жетектөөчү адиси Ж.Мамытбекова мындай дейт:

жаку сурот (1)

Келген кардар ар бир  кредитти өзүнүн максатына пайдаланса жакшы болот.Кардар кредитти алып туруп талаасын иштетип, анын түшүмүн сатып, өзүнө бир пайда алып келе алса, анда максаттуу пайдаланды деп түшүнөбүз.Кредитти максатсыз пайдаланганы клиент менен банктын  ортосундагы келишимди бузат.

Насыянын  жардамы менен убактылуу акча-каражатын жүгүртүмдөн бошотууга, ошондой эле башка жерде ал акчага муктаж болгон кыйынчылыктарды жеңүүгө болот. Албетте насыя алуу менен маселе чечиле калбайт. Ошентсе да  кыйынчылыктарды насыяны максаттуу пайдаланганда гана жеңүүгө болорун Баетов айылынын тургуну жеке ишкер Шерипбеков Уландын оюнан угалы:

DSC_0318

Насыяны алаардан мурда сөзсүз план  түзүш керек.Насыяны соода-сатык дүкөнүм бар, ошого товар алганга жумшайм.Насыянын пайызын карап көрөм, эгерде төлөй алсам   алам. Насыя алуу мен үчүн аябай эле пайдалуу деп ойлойм. Анткени анын арты менен көп нерсеге жетишүүгө болот.

Көп замандаштарыбыз банктардан, кичи насыя берүүчү компаниялардан ар кандай убакытка  ар кандай суммада насыя алып, керектөөлөрүнө жумшап жатканын билебиз. Бирок алардын айрымдары алган насыяларын максаттуу пайдаланганы менен, айрымдары туура эмес жакка жумшап, каражаттын дайынын таппай, төлөй албай  калгандары да жок эмес. Мындай учурда насыя берген тарап кандай кадамдарга бара алат?

Банк менен кардардын ортосунда кайра келишим түзүлөт. Эгерде биринчи келишимде 20 пайыз менен төлөй турган болсо, ага айып катары 6 пайыз кошулуп жалпы 26 пайыз болот. Алган күндөн баштап кредиттин мөөнөтү бүткөнчө ошол пайыз менен төлөйт. Негизи эки шарты бар.

Кредит биринчи ирет чоң пайда алууну камсыздаган же экономиканы өнүктүрүүнүн жалпы улуттук программасын ишке ашырган чөйрөгө багыттанат. Ошол себептен алардан мурун- насыя алуунун  жана карыз болуунун кажети барбы?  максаттуу пайдалана аламбы деп суроо коюу оң.

Баары өзүңүздүн колуңузда!

      nasyya-

Даярдаган:   Гулбарчын Мамытбекова,    Нурпери Муратбекова, Айканыш Конокбаева.